23.03.2018 11:58

Эрте турмуш кургандар үчүн жоопкерчиликти ата-энелерге да жүктөө сунушталды

Эрте турмуш кургандар үчүн жоопкерчиликти  ата-энелерге  да жүктөө сунушталды

Эрте турмушка чыгып жаткан кыздардын ата-энелерин дагы жоопкерчиликке тартуу керек. Мындай демилгени  "Кыздардын укугун коргойбуз" жыйынында КСДП фракциясынан парламент депутаты Карамат Орозова көтөрүп чыкты. 

Айтымында, ала качуу, эрте турмуш куруу сыяктуу көйгөйлөрүн мыйзам чегинде токтотуу мүмкүн болбой келет. 

«Биз жашы жете элек кыздарга эрте турмушка чыгууга тыюу салышыбыз керек. Алар үй-бүлөлүк жашоого даяр эмес. Балдар үйлөрүндө ташталган майып балдар көп. Булардын баары эрте турмуш кургандын кесепети. Эрте турмуш кургандар үчүн жоопкерчиликти жашы жете элек кыздардын ата-энелери дагы тарткандай кылып, Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизүү керек», — деди  Карамат Орозова.