18.04.2018 11:30

Эртең Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт

Эртең Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт

«Бишкексууканал» ишканасынан билдиришкендей, эртең, 19-апрелде саат  9:00дөн  19:00гө чейин Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү токтотулат.  

Бул  «Запад-2»  суутоптомундагы оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.  Суу темир жол линиясы, Фучик, М.Фрунзе жана Манас көчөлөрү менен кесилишкен аймакта жок болот.

Ишкана шаар тургундарынан жана уюмдардан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, таза суу камдап алууга чакырат.