08.05.2018 15:43

Калаада Жеңиштин 73 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт

Калаада Жеңиштин 73 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт

Эртең 9-майда Бишкек шаарында Жеңиш күнүнүн 73 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлөт. Бул туурасында калаа мэриясынан билдиришет.

Саат 9:00дө “Өлбөс полк” акциясы башталат.   Жүрүштүн катышуучулары Түштүк магистралдан Байтик Баатыр көчөсү менен түшүп, Жеңиш аянтына келишет.  

10:00до Жеңиш аянтында башкы майрамдык салтанат өтөт. Анда митинг-реквием, Өчпөс отко гүл коюу, КР Куралдуу күчтөрүнүн аскерлеринин жүрүшү, салт болуп калган аскердик ботко жана концерттик программа болот. Майрам кечки саат  22:00дө салют менен  жыйынтыкталат.

Ошондой эле, майрамга арналган иш-чаралар калаанын бардык райондорунда өтөт.

Калаанын социалдык өнүктүрүү башкармалыгы саат 14:00дө “Таберик” балдар музыкалык театрында  “Салют, Жеңиш!” аталышындагы аскерий-атуулдук спектакль  коет.  Ага ардагерлер чакырылган.