01.10.2018 15:45

Эс алуу жайында илинген илбирстин териси боюнча териштирүү жүрүүдө, күнөөлүүлөр жазаланат

Эс алуу жайында илинген илбирстин териси боюнча териштирүү жүрүүдө, күнөөлүүлөр жазаланат

Чүй облусундагы Аламүдүн районунда жайгашкан «Татыр» эс алуу борборунда ак илбирстин терисин боз үйгө илип коюшкан. Бул туурасында Instagram социалдык тармагынын колдонуучусу жазып чыкты. 

«Татырда» биз кесиптештер менен эс алган боз үйдө илбирстин териси илинип турду. Ак илбирстин! Ал Кызыл китепке кирген. Андан көрө, бул сулуу, сейрек кездешүүчү жаныбарлар табият койнун көрккө бөлөп, тирүү жүрсө жакшы болмок?», -деп жазат интернет колдонуучу.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы мамлекеттик агенттиги журналисттерге бул көңүл ачуучу жайга тери кандай жол менен барып калганын териштирип жатканын билдирди. Ошондой эле, күнөөлүүлөр аныкталып, тиешелүү жазасын алышаарын убадалашты. 

Эскерте кетсек, өлкөдө Кызыл китепке кирген жапайы жаныбарларды атууга жана алар менен боз үйлөрдү, турак жайларды кооздоого тыюу салынат. 

View this post on Instagram

Здравствуйте. Пишу о загородном центре отдыха в Татыре. Там всё классно. Природа, обслуживание и т.д. но!... На стене в юрте где мы с коллегами отдыхали висела шкура барса! Снежного барса! Он ведь занесён в красную книгу. А то, что шкура там висит, будет провоцировать и других людей отстреливать этих красивых редких животных. Разве не будет красивее, если они будут на природе живые ? @lovemynephewniece

A post shared by ЧерныйСписокKG??? (@black_list.kg) on