22.05.2018 12:06

Эсептөө палатасынын кызматкери тууганын Бишкекке алып келүү үчүн санавиация кызматынан колдонгон

Эсептөө палатасынын кызматкери тууганын Бишкекке алып келүү үчүн санавиация кызматынан колдонгон

Дарыгер-реаниматолог Нурзат Жумалиева Facebook баракчасына 21-майда, жумуш убактысы бүткөндөн кийин аны жандандыруу унаасы менен Нарын облусунун Кочкор айылына жөнөтүшкөнүн билдирди. «Санавиация линиясы менен Кочкор аймактык ооруканасына барып келдим. Кандай деп ойлойсуңар, бейтап чындап эле дарыгердин жардамына муктаж болгонбу же бир аткаминердин тууганыбы? Жакында өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, туугандары үчүн санавиация кызматын пайдаланган адамдын аты-жөнүн жарыялайм. Булар жумуштан кийин үйүндө эс алып отурган дарыгерлерге да тынчтык беришпейт. Бул үчүн керек болсо, акы да төлөнбөйт.  Эсеп палатасында иштеген бир аткаминер айымдын айынан 8 саатыбызды короттук. Ызаңдан ыйлагың келет. Канчага чейин бизди болбогон нерсе үчүн  жумшайсыңар? Балким, бул учурда кимдир-бирөө чындап эле дарыгерлердин жардамына муктаж болуп жаткандыр? Балким, бирөөнүн баласы же апасы? Эмне үчүн аткаминерлердин айынан санавиация унаасы карапайым калкка жетпей калышы керек?» - деп суроо салат дарыгер. 

Аны кесиптеши, белгилүү кан тамыр хирургу Эльзар Токтоназаров колдоду. «Азаматсың, Нурзат. Мындай нерселерди айтпай калбаш керек. Өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, административдик ресурсту жеке кызыкчылыгы үчүн колдонгон аткаминерлер бар. Бул жолу Эсеп палатасындагы  Сульпиева Айгүл бейтап  муктаж болбосо да санавиация, жандандыруу тобу менен пайдаланды. Балким, дал ушул учурда жогорку кызматтарда тууганы жок бир бейтапка силердин жардамыңар керек болчу? Силер болгону бейтапты Кочкордогу ооруканадан Улуттук госпиталдын №3 неврология бөлүмүнө  жеткирип койдуңар. Ал жандандыруу тобунун кызматына муктаж эмес болчу. Мен өз кызматын жоготуп алуудан коркуп, аткаминерлердин айтканынан чыкпаган жетекчилерди жек көрөм», - деп билдирди Эльзар Facebook түйүнүндөгү өз баракчасында.

April.kg Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн реаниматологу болуп иштеген Нурзат Жумалиева менен байланышты. Ал соцтармакта жазылгандарды тастыктап, Кочкорго ооруканада  өз нөөмөтүн иштеп бүткөндөн кийин барганын кошумчалады. Аны реанимация унаасында, невропатолог менен бирге жөнөтүшкөн. Ал жактан кайра түнкү саат 2де келген. 

Анын айтымында, Кочкордун аймактык ооруканасына барганда, оор абалдагы бейтапты көрүшкөн эмес. «Бейтап 17 жаштагы кыз болуп чыкты, талапка ылайык, биз аны текшердик, баары жакшы экен. Ата-энеси карышып калып жатат дешти, бирок, эч бир дарыгер андайды көргөн жок. Бишкекке алып келдик, туугандарынын буйругу менен  реанимация унаасына салып алып, МРТга алып барып текшерттик. Башы да таза чыкты», - деп билдирди Нурзат Жумалиева.

Ал ошондой эле, кечээ кесиптеши туш  болгон окуяны айтып берди.  Улуттук госпиталдын башка бир дарыгерин санавиация линиясы менен Чүй облусунун Панфилов районуна жиберишкен. Бул Жогорку Кеңештин депутатынын "өтүнүчү" менен болгон. Баргандар өпкөсүнөн сезгенген бейтапты борборго алып келишкен. Айтымында, бул дагы реанимация унаасын чакыруучу жагдай эмес болчу.  "Көрдүнөрбү, бизди ушунтип болоор-болбос нерсе үчүн тейлөөчү адамдар сымал колдонушат. Мындай үстүртөн түшкөн буйруктарды бирөө-жарым токтотобу?" – деп кайрылат Нурзат Жумалиева.

April.kg порталына Эсептөө палатасынан  Айгүл Солпиева аттуу кызматкер бар экенин, ал башкы мамлекеттик инспектор кызматын ээлей турганын тастыкташты.