08.10.2018 17:59

Евгения Бердникова мандатынан баш тартты, ордуна Бишкек шаардык кеңешке башка депутат келет

Евгения Бердникова мандатынан баш тартты, ордуна Бишкек шаардык кеңешке башка депутат келет

КСДП партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Евгения Бердникова мандатынан баш тарткандыктан, анын ордуна башка депутат келет. Бул туурасында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жетекчиси Кайрат Маматовдун сөзүнө таянып, Kaktus.media  жазып чыкты. 

Анын айтымында, Бердникова тиешелүү арызды 1-октябрда жазган жана мандатынан баш тартуусу үй-бүлөлүк жагдайлардан улам экенин билдирген.  

«Эми анын ордуна Сергей Шин аттуу адам келет. Бишкек шаардык кеңешинин жакынкы отурумдарында ага депутаттын төш белгиси менен мандат тапшырылат», - деп билдирген Маматов. 

Маалымат үчүн: 

Сергей Романович Шин 1975-жылы 12-декабрда төрөлгөн. Учурда «ЭНПИ» ЖЧКсынын башкы директору. Буга чейин шаардык кеңештин депутаты кызматын аркалап көргөн. Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, белгилүү бизнесмен Роман Шиндин уулу. Үй-бүлө ири «Шинлайн» корпорациясына ээлик кылат.