25.09.2018 08:30

«Эйр Астана» компаниясы Зууракан Каденова чуусу боюнча ички иликтөө жүргүзүүдө

«Эйр Астана» компаниясы Зууракан Каденова чуусу  боюнча ички иликтөө жүргүзүүдө

«Эйр Астана» компаниясы Зууракан Каденованы Сеулдагы каттамдан эмне себептен түшүрүп салганын түшүндүрдү, деп жазат Tengrinews.kz.

«Сеул-Алмата каттамы боюнча KC 910 рейсинин борт коштоочулары самолет учууга камданып жатканда бизнес-класстын жүргүнчүсү Зууракан Каденова суроолорго реакция кылбай, учууга мүмкүн болбогондой абалда отурганына көңүл бөлүшкөн. Учуунун коопсуздугу үчүн, ошондой эле, жүргүнчүнүн абалы начарлап кетүү тобокелдиги бар болгондуктан, учуудан баш тартуу чечими кабыл алынган», -деп билдиришкен компаниядан.  

Каденова борттон өз алдынча чыгып кетүүдөн баш тарткан. Мындан улам, экипаж бардык жүргүнчүлөрдү түшүрүп, кайра кароодон өткөрүүгө мажбур болгон. 

«Бул чатактан улам, каттам 1 саат 46 мүнөткө кармалган. Зууракан Каденова кийинки күнү КС 960 каттамы менен учкан. Учурда авиакомпания окуянын чоо-жайын билүү үчүн ички иликтөө жүргүзүүдө», -деп жазылат маалыматта. 

Эскерте кетсек, 22-сентябрда Фейсбуктагы баракчасына ЖК депутаты Аида Исмаилова «Биздин бир министрликтин өтө мас абалындагы аткаминер айымынын айынан Сеул-Алмата каттамы 1,5 саатка кармалды» деп  жазып чыккан. Кийин ал аял Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова экени аныкталган. Окуя Кореянын «Инчхон» аэропортунда болгон. Ал кезде министрдин орун басары Зууракан Каденова «Эйр Астана» компаниясынын учагынын бортунда дипломатиялык паспортун булгалап, ызы-чуу салганы айтылган.

Ошол эле күнү өкмөт башчы Каденованы кызматтан алган.  Эртеси соолугуп, Кыргызстанга учуп келген аял такыр арак ичпесин айтып, мурунку күнкү абалын ачкарын дары ичип алганы менен байланыштырган.