07.09.2018 13:09

Factcheck.kg: Президенттин мечит көбөйсө, ыймандуу балдар көбөйөт дегени чынбы?

Factcheck.kg: Президенттин мечит көбөйсө, ыймандуу балдар көбөйөт дегени чынбы?

Социалдык тармактардын кыргыз сегментинде президент Сооронбай Жээнбековдун «Мектептен мечит көбөйүп кетти деп айтып жатышат. Мечит көбөйсө, ыймандуу балдар көбөйөт, медресе көбөйсө, ыймандуу жаштар көбөйөт» деп айтканы тарап кетти. Бул сөз чындап эле президенттин оозунан чыкканын  factcheck.kg сайты текшерип көрдү.  

Алгач алар өлкө башчы мындай сөздү кайда айтышы мүмкүн деген суроого жооп издешкен. 2-сентябрда Сооронбай Жээнбеков Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Бишкекте чоң мечитти ачкан.

«КР президентинин расмий сайтынан бул сөздөрдү тапкан жокпуз. Бирок, YouTube' да мамлекет башчынын сүйлөгөнүнүн толук жазуусу бар. 12 мүнөт 35 секундада Сооронбай Жээнбеков «Кыргызстанда мектептен мечит көп. Бул-жакшы көрсөткүч. Кээ бирөө мектептен мечит көбөйүп кетти деп айтып жатышат. Мечит көп болсо, ыймандуу балдар көбөйөт. Медресе көп болсо, ыймандуу жаштар көбөйөт. Бирок, мунун баарын көзөмөлгө алыш керек. Тышкы коркунучтарды, терроризм, экстремизмди эске алып туруп, биз ата-бабадан келаткан салттуу динди катуу карманышыбыз керек», -деп билдирген экен. Демек, бул фэйк эмес», -деп жазат factcheck.kg.