19.11.2018 22:20

«Фактыларга караганда ушактар көп, бирок кимдир бирөө мыйзамды бузса, ага болушпайм»,- А.Атамбаев айлана-чөйрөсү, айдоочулары жана жансакчылары тууралуу

«Фактыларга караганда ушактар көп, бирок кимдир бирөө мыйзамды бузса, ага болушпайм»,- А.Атамбаев айлана-чөйрөсү, айдоочулары жана жансакчылары тууралуу

«Эгер күнөөсү далилденсе, мен колдобойм»,- бул тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына берген маегинде билдирди. Илмияновдун камакка алынуусу боюнча комментарий берип жатып, ушактарга ишенүү үчүн далилдөөчү фактылар жок экенин кошумчалады. 

“Эгер биз үй бүлөлүк башкарууну алсак, чоң үй бүлөлүү адамдын чексиз агалары, күйөө балдары жана кудалары болот. Алар кийлигише баштаганда, бул чоң балээ. Себеби сен менен иштешкендер кайсы бир убакта жоопко тартылаарын унутушпайт. Ал эми кыргыздардын туугандарычы? Аны менен эч ким эч нерсе кыла албайт деп ойлошот. Чоң көйгөйгө айланат. Мага ишенип койгула, муну салыштырууга мүмкүн эмес. Илмиянов, Исраилов, Сүйүмбаев боюнча фактылар болсо, мен аларды колдого алууну токтотом. А бирок Илмияновду шайлоодогу мыйзамсыз касса тууралуу билгендиги үчүн камакка алышты”,-дейт Атамбаев. 

Экс-президент мамлекетти башкаруудагы айдоочуларынын жана жансакчыларынын ордун айтып өттү. Илмияновдон башкасы, азыркы тапта да айдоочу болуп эмгектенишет. Ага кошумча дагы эки жансакчысы кызмат ордуна ээ болуп, карьерасын түзө алышты. Болот Сүйүмбаев- УКМК төрагасынын орун басары болчу жана Улан Исраилов- кадрдык милиционер, ички иштер министри кызматын ээлеген. 

“Кылмыштардын каттоосу ИИМде эмес, прокуратурада жалпы каттоого алынсын деп өзгөртүү киргизүүгө жалгыз Улан Исраиловдун эрки жетти. Бүгүнкү күндө карасам, аны азыркы бийлик өзүнө жаздырып алгысы келип атат. Бирок аны Улан Исраилов киргизген. Ал эми Болот Сүйүнбаев УКМКнын маалымат кызматын жетектеп калгандан тарта, мага өлкөдөгү абал боюнча тагыраак маалымат жеткирип турду. Ага чейин ал жакта да душман, бул жакта да душман деп шыкактап туруп алышты. Азыр болсо ошол эле Болот Сүйүнбаев тууралуу көп ушактар чыкты, ишенүү мен үчүн кыйынга турат. Болотко дайыма айтчумун: эгер сага акча керек болсо, менден алсаң болот деп. Көп ушактар айтылууда”,-деп билдирди экс-президент. 

Өлкөнү башкаруу боюнча чечимдерди жеке өзү чыгарганын, болгону күч органдары бардык эле маалыматты ага жеткире бербегенин Алмазбек Атамбаев кошумчалап өттү.