10.04.2019 18:28

Фарид Ниязов президенттин басма сөз катчысы Стамалиеванын билдирүүсүнө жооп кайтарды

Фарид Ниязов президенттин басма сөз катчысы Стамалиеванын билдирүүсүнө жооп кайтарды

Президенттикке талапкер С.Жээнбековдун шайлоо алдындагы штабынын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын интернетте жазган билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Анда Ниязов билдирүүдөгү майда-чүйдө таарынычтарды, айыптоолорду жоопсуз калтыра турганын айтып, бирок, эки учурду – Сооронбай Жээнбековдун  Алмазбек Атамбаевдин эркине каршы президент болуп  калганы жана кыянатчылык тууралуу айткандарын көңүл сыртында калтырууга болбостугун билдирди. 

«Биринчиден. «КСДП Жээнбековду сүрөгүсү келген эмес» жана «Атамбаев башка саясатчыларды дагы колдогон» дегени боюнча.

Алмазбек Атамбаевдин саясий кеңешчиси катары жана КСДПнын мурунку жетекчилеринин бири катары мен 2016-жылдын башында эле 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоого Сооронбай Жээнбеков потенциалдуу талапкер катары каралып баштаганын билдирем. Ошол себептен, ал кызматынан улам жогорулап, КСДПнын өкүлү катары өкмөт башчылыкка дайындалган. Ооба, партия ичинде мындай талапкерге нааразы болгондор көп болгон, бирок биз бул элдин биримдиги үчүн жасалып жатат деп алардын баарын ынандыра алганбыз. 

Үгүт маалы тууралуу айтсак, анда биздин штабды «админресурсту колдонууга», Алмазбек Атамбаевди башка талапкерлерди кескин сындоого жана «Жээнбековду ачык эле сүрөгөнгө» айыпташкан.   

Алмазбек Атамбаевдин Нурсултан Назарбаев менен мамилесинин бузулушу дагы казак башчысынын Өмүрбек Бабанов менен жолугушуусунан улам болгонун эскерте кетейин. Бул чыр Бабановдун рейтингин түшүрүп, Жээнбековдун чырагына май тамызган.  Бүгүн Атамбаевге нааразычылыктар болсо дагы , алар көбүнесе «Бабановду кубалап жиберди» жана «Жээнбековду алып келди» деген өңүттө.

Экинчиден. «Бул ишенимсиз жагдайды Алмазбек Шаршеновичтин «баары демократиялуу болушу керек» деген талабы менен Жээнбековдун премьерлик кызматтан кетип, талапкер атанышы андан да катуу бекемдеп салды» дегени боюнча.

Сооронбай Жээнбековду алдыга сүрөөдөгү негизги  стратегиялык сызык катары аны "Атамбаевдин мураскери”  жана "тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер” катары көрсөтүү  алынган. Бирок бул жетиштүү эмес эле. Сапар Исаковдун өкмөт башчылыкта турушу Жээнбековдун Президент болушуна өтө чоң жардам берди. Ал кезде эл жаш талапкерге көбүрөөк ыктап жаткан эле. Биздин талапкердин ишенимдүү жеңишин камсыз кылууүчү биздин командага  “жаш санаалаш” кошуу зарылчылдыгы курч турган.

Үчүнчү.  Экс-президент мени 2017-жылдын 10-ноябрында аппараттын жаңы бөлүм башчысы катары кабыл алганында, «Минскидеги жолугушууда эки тараптуу жолугушуу өткөрүп кереги жок» деп, насаатын айтты дегени карандай калп.  

Сооронбай Жээнбековдун Минскте Казакстан жетекчиси менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгына, чек ара боюнча жагдайдын чеилишине  Алмазбек Шаршенович абдан кубанган.  Чынында эле, Назарбаев менен мамиле Бабановго ашыкча артыкчылык берилип кетпеши үчүн, башкача айтканда, Казак президентинин шайлоо жыйынтыгына таасир этүүсүнө жол бербөө үчүн жасалган эмеспи. Биз анда баарыбыз тең кыргыз-казак чек арасындагы чатак Жээнбековдун Назарбаев менен биринчи жолугушууусунда эле чечилерине ишенип турганбыз.

Анткени, ошол учурда Казакстан чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууда Кыргызстандан да кем эмес кызыкдар болгонун эскерте кетейин. Анда Казакстанда ички кризис коркунучу жаралып жаткан, Атамбаевдин Назарбаевге сын айтканы казак коомунда жана интернеттин казак сегментинде кызуу колдоо тапкан.

Ал эми, кыянатчылык кылуу кийин болду. Жана анын (Стамалиеванын-ред.) көйгөйдү "оору баштан соо башка өткөрө салуу" аракети күлкүлүү көрүнөт», -дейт Фарид Ниязов.