21.09.2018 17:52

Фейк жаңылыктар кантип жаралат?

Акыркы учурда фейк деген сөз коомго сиңип, кулакка өөн учурабай калды. Которо келгенде жалган, жасалма деген маанини берет. Ал эми "троллдор" интернет айдыңында жалган маалыматтар менен коомчулукту дүрбөлөңгө салчулар. Бул дагы атайын кесип. Демек, интернетте кеңири жайылгандын баары эле, тастыкталган маалымат боло бербейт. Көп учурда маалыматка анализ жүргүзгөндү билбеген калк катмары фейк жаңылыктардын курмандыгы.

Мына ошол жалган маалыматтар кантип пайда болорун April.kg көрсөтүп бермекчи.