25.12.2018 09:15
Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасына сөгүш жарыяланды
Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу Өкмөт Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаевге сөгүш жарыялоо буйругуна премьер- министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгону жазылат.
Эскерте кетсек, өткөн аптада Финансылык чалгындоо кызматы коммерциялык банктардан бардык кардарлары тууралуу маалыматты сураган. Серепчилер, юристтер, Экономика министрлиги жана Улуттук банк бул талапты мыйзамсыз деп баалашкан.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: