Фоторепортаж: Тоолор күйгөндө

Фоторепортаж: Тоолор күйгөндө

April.kg порталынын кабарчысы Кемин районунун Чым-Коргон айылынын тушундагы тоодо болгон өрттү камерасына тартып алган. Канат Рыскуловдун билдиришинче, ал түн ичинде Казакстандын аймагы өрттөнүп жатканын байкаган.

«Биздин короодон Иле Ала-Тоо кол алдындагыдай эле көрүнөт. Түндө таң калаарлык кубулушту көрдүм - тоонун чокусунан жалындуу от агып келаткандай сезилди. Жакшылап карасам жалындар, түтүн тынчыбайт. Тез ара камераны алып айланма жолго жөнөдүм. Объектив начар болгондуктан, сүрөттөр көз көргөн көрүнүштү чагылдыра албайт. Ошентсе да бөтөнчө кадрлар чыкты», - дейт Рыскулов.

Анын кошумчалашынча, тилсиз жоо бир нече саат тынбай жалбырттаган.