09.05.2018 13:03

Фрунзе көчөсүнүн тилкеси 10-майдан тарта жарым-жартылай жабылат

Бишкекте Фрунзе көчөсүнүн Осмонкулдан  Сүйүнбаев көчөсүнө чейинки тилкеси 10-майдан 30-майга чейин жарым-жартылай жабылат. Бул туурасында Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти. 

Аталган тилкеде эскирип калган газ түтүгү оңдотулат. Жаңы түтүк мурункусуна жанаша коюлуп, мындан улам иштер жолдун бир тилкесинде жүрөт. Оңдоо иштери автоунаа кыймылын токтотпой туруп, жасалат.  

Бишкек мэриясы бул иш-чаралар жолдогу тыгындарга алып келиши мүмкүн экенин эскертет.