11.05.2018 12:41

Фучик паркына Wi-Fi таратуучу 11 түйүн орнотулат

Фучик паркына  Wi-Fi таратуучу 11 түйүн орнотулат

Калаада Фучик паркын ондоо иштери жанданды. "Бишкекбашкыархитектура" ишканасынын долбоору боюнча, аталган гүлбакка 22 байкоо камерасы, Wi-Fi таратуучу 11 түйүн орнотулат. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан билдиришти. 

Ошондой эле, парктагы 11 миң 600 чарчы метрди түзгөн жөө адамдар басчу жолдор менен аллеялар оңдолуп, арыктар салынып, түтүктөр коюлат. 

Долбоордун алкагында эс алуучу жайга  45 отургуч, 90 таштанды салуучу челек, 11 чатырча, 13 бастырма, 8 асаба орнотуу каралган. 9 шаймандан турган 1 көчө тренажеру коюлат. 

Учурда иштин 70 пайызы бүткөнүн, парктагы оңдоо иштери  ушул жылдын июнь айында жыйынтыкталаарын билдирет мэрия.