13.06.2018 08:30

«Газпром Кыргызстан» 14-15-июнда кайсы айылдарда табигый газ өчүрүлөөрүн маалымдады

«Газпром Кыргызстан» 14-15-июнда кайсы айылдарда  табигый газ өчүрүлөөрүн маалымдады

Айрым айылдарда 14-15-июнь күндөрү табигый газ берүү убактылуу токтотулат. Бул туурасында «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу 14-июнда Аламүдүн районунун Ленинское айылынын Алма-Ата 6-104, Алма-Ата тупик 1-19, Коммунарская 59-91, Садовая 2-20, Подгорная 38-50а, Ключевая 5-17, 6-14 көчөлөрүндө жана «Магазин Бар», «У Карима», ЧП «Саметов» ишканаларында газ болбойт.

Ошондой эле, 14-15-июнда  Орто-Сай айылынын Ормокоев көчөсүндө, 14-15-июнда Үч-Коргон айылында газ берүү убактылуу токтотулат.

«Оңдоо иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө», -деп билдирет “Газпром Кыргызстан” компаниясынын коомчулук жана массалык маалымат каражаттары менен байланыш бөлүмү.