06.09.2018 10:01

«Газпром Кыргызстан» сентябрь айында кайсы аймакта газ өчүрүлөөрүн маалымдады

«Газпром Кыргызстан» сентябрь айында кайсы аймакта газ өчүрүлөөрүн маалымдады

Бишкек жана Ош шаарларынын айрым райондорунда газ берүү убактылуу үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынан билдиришти. 

Бүгүн, 6-сентябрда Ош шаарынын Памир, Курманжан Датка, Мамажан, Давыдов, Навои көчөлөрүндө; эртең, 7-сентябрда Ош шаарынын Фергана көчөсүндө, 10-21-сентябрда Бишкек шаарынын Сүйүнбаев, Чүй, Лермонтов, ЧЧК кесилишкен аймагында; «Чыгыш» 5», «Аламедин 1» кичи райондорунда; Курулушчулар, Энергетиктер шаарчасында; Лебединовка айылында; «Бишкек Темир» ЖЧКсында; ЖЭС; Чүй-Чолпон-Ата көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа жуугучта көгүлтүр отун жок болот.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.