05.09.2018 13:56

КР гимнин туура эмес аткарган ЖК депутаты кыргыз элинен кечирим сурады

КР гимнин туура эмес аткарган ЖК депутаты кыргыз элинен кечирим сурады

Гимнди туура эмес ырдаган депутат Пархат Тулендыбаев элден кечирим сурады. Эл өкүлүнүн кайрылуусун Жогорку Кеңештин маалымат кызматы таратты. 

«Гимн - кыргыз элибиздин башкы мамлекеттик символдорунун бири. Анда биздин байыркы тарыхыбыз, эркиндикке болгон мүдөөбүз жана жаркын келечекке карай умтулуубуз туюнтулган. Гимнди эгемен өлкөбүздүн ар бир атуулу билүүгө милдеттүү. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Гимнибизди жаңылыш аткарып алганым үчүн кыргыз элимден башымды ийип кечирим сурайм жана абдан өкүнгөнүмдү билдирем. Ошондой эле Гимнибизди мындан ары кынтыксыз аткарууга милдеттеме алам», -дейт эл өкүлү.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев кечээ, 4-сентябрь күнү «Апрель» телеканалынын журналистинин гимнди аткарып берүү өтүнүчүнө алгач «депутаттардын баары гимнди билебиз, бизди калп эле жамандай бересиңер» деген таарынычын билдирип, анан туура эмес ырдап берген.