18.07.2018 18:22

Григорьевка, Ананьево, Семеновка жана Кожояр айылдарында электр менен камсыздоодогу көйгөйлөр чечилет

Григорьевка, Ананьево, Семеновка жана Кожояр айылдарында электр менен камсыздоодогу көйгөйлөр чечилет

Ысык-Көл облусунун Григорьевка-Пристань, Ананьево жана Семеновка айылынын тургундары April.kg порталына аймакта бир жумадан бери суткасына бир нече саат гана жарык берилип жатканын айтып арызданышты.

Виктория аттуу тургундун айтымында, айылга суу электр насосунун жардамы менен берилгендиктен, жарык өчсө, суу кошо өчөт. «Элдер суткалап жарыксыз отурушат. «Чыгышэлектр» ишканасына чалсаң, эч ким албайт. Электр энергиясынын өчүшү көчмөндөр оюндарына байланыштуу деген сөздөр бар.  Бардык кубаттуулукту ошол жакка жөнөтүп жатышкан имиш», - деди Виктория. 

Анын айтымында, электр жарыгын өчүрүү, үзгүлтүккө учуратуу көйгөйү аталган айылдарда көп жылдардан бери бар. «Кышкысын да ушундай. Көчөдө суук экени аз келгенсип, жарык да жок болот. Эмне үчүн?» - деп суроо салат тургун. 

Көлдүктөрдүн бул  нааразычылыгын  April.kg «Чыгышэлектр» ишканасына жолдоду. Бөлүштүрүүчү компаниянын маалымат катчысы Гүлмира Тониева «Кыргыз улуттук электр тармагы» ААКсынын Ысык-Көлдөгү филиалы 21-июндан тартып күзгү-кышкы маалдан ийгиликтүү өтүү үчүн  «Григорьевка» подстанциясында оңдоо иштерин баштаганын айтты. «Мындан улам, Чолпон-Ата РЭСи 3 фидерден электр энергия алган Ананьево, Семёновка, Григорьевка жана  Кожояр айылдарын «Кырчын» фидерине кошууга аргасыз болгон. Бул фидерди 185 чакырымга узарып, кубаттуулуктун төмөндөшүнө алып келди. Чет жактагы керектөөчүлөргө жеткен энергиянын чыңалуусу болгону 150 вольтту түзүп калган», - деди ал. 

Гульмира Тониеванын айтымында, электр өткөрүү чубалгыларынын мындай узундугу оордук алып келип, кайсы жеринен бузулганын табууга да көп убакыт талап кылат. «13-июлда Кожояр айылындагы трансформатордук подстанцияга чагылган тийип жана Ананьево менен Семеновка айылдарынын ортосундагы чубалгылардын үзүлүшүнөн улам электр энергиясын берүү токтотулган. Бул «Кырчын» фидерине кирген 4 айыл элин жарыксыз калтырды. Чолпон-Ата РЭСинин кызматкерлери 14-июлда саат 15:20да электр энергиясын берүүнү калыбына келтиришти», -деп билдирди маалымат катчы. 

Жума бою жарыктын улам өчүрүлүшүн «Чыгышэлектр» ишканасынын кызматкери аймакта жааган жаан, нөшөрдөн улам болду деп тушүндүрдү. «Азыр «Григорьевка» подстанциясында оңдоо иштери жүрүүдө. «Кыргыз улуттук электр тармагы» ААКсы ремонт иштерин бүтсө эле электр жарыгы үзгүлтүксүз берилип баштайт», - деп кошумчалады Гүлмира Тониева.

Ал эми, «Кыргыз улуттук электр тармагы» ААКсынын маалымат катчысы Элзада Саргашкаева April.kg порталына оңдоо иштери 3-4 күндүн ичинде аяктап, бардык подстанциялар туташтырылаарын маалымдады.