15.05.2018 18:07

Гүлнара-Клара Саматка депутаттык мандат берилди. Кош жарандуулук тууралуу маалымат төгүндөлдү

Гүлнара-Клара Саматка депутаттык мандат берилди. Кош жарандуулук тууралуу маалымат төгүндөлдү

Бүгүн, 15-майда "Ата Мекен" партиясынын бош мандаты Самат Гүлнара-Кларага берилди. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Самат Гүлнара-Клара бул орунга Аида Саляновага карата соттун өкүмү күчүнө киргенине байланыштуу, мурунку депутаттын ордуна келет. 

Кечээ БШКга  Тышкы иштер министрлиги Россиянын Юстиция министрлигинин "Кабилова Клара Саматовна Россия жарандыгын алгандардын тизмесинде жок" деген жообунун көчүрмөсүн жиберген. 

Мындан улам, БШК Самат Гүлнара-Клараны ЖК депутаты катары каттоо токтомун кабыл алды.