11.05.2018 10:03

Гүлзар ичине курулган кафе алынып салынды

Гүлзар ичине курулган кафе алынып салынды

Бишкек шаарынын Анкара жана Виноградная көчөлөрүнүн кесилишинде уруксаат берүүчү документтери жок эле кафе куруп алгандар аныкталды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан билдиришти. 

Кафе скверде, муниципалдык аймакта орун алган. Мыйзамсыз курулган жайдын жалпы аянты 72 чарчы метрди түзөт.

Мурда кафе ээсине уруксааты жок курулган жайды алуу жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөнүнө карабастан, ал өз ишмердүүлүгүн уланткан.

Калаа мэриясынын жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы “Тазалык” ишканасы  менен биргеликте гүлзар (сквер-ред.)  ичине мыйзамсыз курулган объектини коюлган ордунан алып салды.

Ошондой эле, тилке ээсине жерди курулуш материалдарынан бошотуу тапшырылды.