17.09.2018 12:23

Ичимдик ичип алып унаа айдаган атташеге байланыштуу Түрк элчилигине нота жөнөтүлдү

Ичимдик ичип алып унаа айдаган атташеге байланыштуу Түрк элчилигине нота жөнөтүлдү

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги түрк элчилигине ичимдик колдонгон абалда унаа айдап кармалган атташе Каража Эрканга байланыштуу каршылык нотасын жиберди. Анда мындай учурду кайра кайталабоо талабы коюлган. 

«Элчиликтин өкүлү Түркияга жөнөтүлгөн-жөнөтүлбөгөнү азырынча белгисиз», – деп билдиришти мекемеден. 

Эскерте кетсек, 12-сентябрда ЖКККБ кызматкердери 12-сентябрда Түркия жараны Каража Эрканды жол кыймылынын эрежелерин бузганы үчүн токтотушкан. Текшерүү учурунда анын ичимдик ичкени аныкталган. Айдоочу Түрк элчилигинин атташеси экендигин далилдеген документ көрсөткөн.