03.09.2018 14:35

III ДКО: Азиз Суракматов биринчи айымдарды «Бишкек ордо» этно-шаарчасына коштоп барды

III ДКО: Азиз Суракматов биринчи айымдарды «Бишкек ордо» этно-шаарчасына коштоп барды

Кыргызстандын жана Түркиянын биринчи айымдары «Бишкек ордо» этно-шаарчасында болушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

3-сентябрда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында Кыргызстандын биринчи айымы Айгуль Токоева менен Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган Кырчын жайлоосунда орун алган «Бишкек ордо» этно-шаарчасында болушту. Аларды Бишкек мэри Азиз Суракматов коштоп жүрдү.

Конокторго «Баланы бешикке салуу» улуттук салты көрсөтүлдү. Ошондой эле, этно-шаарчанын аймагында бүгүн күнү бою «аркан тартыш», «шакек салмай», «ак терек, көк терек» улуттук оюндары өтүүдө. 

Эскерте кетсек, «Бишкек ордо» этно-шаарчасынын расмий ачылышы эртең, 4-сентябрда болот.