03.09.2018 17:04

III ДКО: Көк бөрү боюнча казак курамасы жоголду

III ДКО: Көк бөрү боюнча казак курамасы жоголду

Казакстандын көк бөрү боюнча курама командасы бүгүн мелдешке чыккан жок. Бул тууралуу April.kg  порталына ДКОну уюштуруу катчылыгынан билдиришти. 

Алардын маалыматына караганда, казак курамасы таймашка эртең чыгат. Топтун бүгүнкү оюнга  эмне себептен катышпай калганын катчылык так айта алган  жок. 

«Ар кандай себеп болушу мүмкүн – балким, аттарына, балким, команда мүчөлөрүнүн бирине бир нерсе болгондур», - дешет уюштуруучулар.

Белгилей кетсек, бүгүн казак курамасы Россиянын Красноярскийден келген курамасы менен таймашмак. Саат 14:00дөрдө баштала турган оюнга казак командасы келген эмес.