03.09.2018 12:01

III ДКО: Көк бөрү боюнча кыргыз курамасы Монголияны 29:5 ири эсебинде утту (видео)

III ДКО: Көк бөрү боюнча кыргыз курамасы Монголияны 29:5 ири эсебинде утту (видео)

Көк бөрү боюнча кыргыз курамасы Монголияны 29:5 ири эсебинде утуп алды. Кыргыз курамасынын лидери Манас Ниязов 6 ирет улак таштоо менен айырмаланды. 

Маалым кыла кетсек, бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда саат 11:00дөн 18:00гө чейин көк бөрү боюнча мелдеш өтөт.  Анда жалпы 12 курама команда ат салышат. Алар 4 тайпага бөлүнгөн. Тайпалык оюндардын жыйынтыгы менен алдыңкы 1-орунду ээлеген курамалар финалдык бөлүккө жолдомо алат.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан курамасы кийинки оюнда Алтай командасы менен кез келет.