06.08.2018 15:03

III ДКО: Көк бөрүчүлөрдүн машыгууларына 1 млн 98 миң сом бөлүндү

III ДКО: Көк бөрүчүлөрдүн машыгууларына  1 млн 98 миң сом бөлүндү

КР көк бөрү боюнча улуттук курама командасы Чолпон-Ата шаарында Көчмөндөр оюндарына даярданып жатышат. Бул туурасында ДКО уюштуруучулары билдиришти.

Окуу-машыгуу жыйындарынын I этабы 31- июлдан 13-августка чейин,  II этабы 18-31-августка чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага 12 улакчы, 1 машыктыруучу катышууда.

Кыргыз Республикасынын көк бөрү боюнча улуттук курама командасынын окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүгө Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынан 1 млн 98 миң сом бөлүндү.

Көкбөрү – ат үстүндө ойнолуучу улуттук оюн. Команданын курамы – 12 оюнчу, 1 машыктыруучу, 3 саяпкерден турат. Көк бөрү мелдешине 18 жаштан өйдөкү оюнчулар киргизилет. Оюн эркектер арасында өткөрүлөт. Мелдеште катышуучу курамда 8 оюнчудан кем болбошу керек. Ар бир команда экиден комплекттеги ар кандай түстөгү формага ээ болушу кажет. Алсак, тебетей, өтүк, камчы жана катар номерлүү бирдиктүү форма кирет.

Мелдешке бир күн калганда спорттун бул түрү боюнча судьялардын техникалык жыйыны өткөрүлүп, командалардын өкүлдөрү чүчкулак кармашат жана түшкөн билдирүүлөргө жараша оюндарды өткөрүү тартиби аныкталат. Көк бөрү боюнча жогорку көрсөткүчтөгү командалар экиге бөлүнөт. Ар бир оюн башталаар алдында командалардын өкүлдөрүнөн улакты салмактоого катышышат.

Жарым финалда жана финалдагы командалардын теңтайлаш оюндарында кошумча убакыт берилет. Кошумча берилген убакытта “алтын туш” эрежеси киргизилет. Кошумча убакта теңтайлашаса, анда буллит ойнотулат. Мелдештин жыйынтыгында улакты эң көп ыргыткан оюнчуга “Көк бөрүнүн улуу оюнчусу” жана оюнчунун атына “Улуу көк бөрүчү ат” наамдары ыйгарылат.

“Көк бөрүнүн улуу оюнчусуна” кошумча акчалай жана баалуу сыйлыктар, этноатрибуттар менен сыйланып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын “Улуу жеңишчилер китебине” жазылат. Бул оюнчу кийинки оюндардын ардактуу коногу болуп калмакчы. Кийинки оюнда өз наамын коргоп кала албаса, китепке кирүү мелдешине катыша албайт.

Мелдеш Кыргыз Республикасынын эрежелеринин негизинде өткөрүлөт.