23.08.2018 17:44

III ДКОнун ачылыш жана жабылыш аземдеринде конокторду акысыз шаттл-бастар камсыздайт

III ДКОнун ачылыш жана жабылыш аземдеринде конокторду акысыз  шаттл-бастар камсыздайт

Чолпон-Ата шаарында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдөгү ачылыш жана жабылыш аземдерине коноктор үчүн автобус шаттл-бастары каралды. Алар ат майдандын аймагына жүргүнчүлөрдү жеткиришет. Бул тууралуу ДКО катчылыгынан билдиришти. 

Автобус шаттл-бастар жөнөөчү түйүндөр:

-Чолпон-Ата шаарындагы эски аэродромдун батыш тарабынан; 

- Бактуу-Долоноту айылындагы №54 жылкы заводунун тоют цехи, ат майдандын чыгыш тарабынан.  

Белгилей кетсек, жеке унаалары менен барган коноктор үчүн акы төлөнүүчү (30 сомдон) унаа токтотуучу жай каралган. Шатлл-бас (автобустар) 2-сентябрда саат 13.00дөн 23.00гө жана 8 сентябрда саат 15.00дөн 23:00гө чейин иштешет.

Мындан сырткары, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш, жабылыш аземдеринде ат майдандын аймагына жеке автоунаасы менен кирүүгө чектөө киргизилет. Автобус шаттл-бастар 2 - 8-сентябрларда – 15.00дөн 23.00гө чейин жүрөт.

Мындан сырткары, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш, жабылыш аземдерин өткөрүүдө Чолпон-Ата шаарындагы негизги жол эки жерден жабылат:

- “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийине кайрылыштан 100 метр бери (батышынан). 

-Бактуу-Долоноту айылындагы мечиттен (чыгышынан). 

Ошондой эле батыш тараптагы посттон шаттл-бастар (2 даана) конокторду ат майдандын аймагына акысыз жеткиришет.

Эске салсак, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш, жабылыш аземдерин өткөрүүдө Ысык-Көл районунда Балыкчы – Корумду жолундагы унаалардын кыймылы чектелет. Каракол шаарына жүк ташыган унаалар Ысык-Көлдүн түштүк жээги аркылуу жүрүүгө Балыкчы шаарынан багытталат.

Чолпон-Ата шаарын кесип өтүүчү жеңил унаалардын кыймылы өзгөрүп, шаар ичиндеги альтернативдик жол аркылуу өтүшөт.