20.07.2018 13:10

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары интернет менен үзгүлтүксүз камсыздалат

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары интернет менен үзгүлтүксүз камсыздалат

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырган ЖМК өкүлдөрүнө кеңири тилкелүү интернет жеткиликтүү, үзгүлтүксүз жана акысыз болот. Бул туурасында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орунбасары Эшмамбет Аматов билдирди. 

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда кабарчыларды интернет менен камсыздоо маселеси тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Радиорелеялык магистралдык өндүрүштүк бирикмесинин, телекөрсөтүүлөр жана радиоуктуруулардын жетекчилери, III ДКО өткөрүү жана уюштуруучу “Медиа жана РR” жумушчу тобу катышкан телерадиокомпаниялардын техникалык директорлорунун жыйынында сөз болду. 

Эшмамбет Аматов маалымдагандай, ички жана сырткы трафиктерди колдонуу үчүн керектүү ылдамдыкта интернет берүү маселеси чечилди. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын мезгилинде уюштурулган ар бир пресс-борбордо интернет жеткиликтүү болот. Кырчын этношаарчасында ЖМК өкүлдөрүнүн иштөөсүнө ылайык мобилдүү операторлор аркылуу колдоно алышат.

Аматовдун айтымында, атайын телекомпаниялардын керектөөсү үчүн файлдарды сактоочу FTR мүмкүнчүлүгүнөн тагыраагы, мурунку оюндардын тематикалык видеоматериалдары сакталган архивди колдонуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Эл аралык Интернет трафиги эки группага бөлүнөт: 100Мбит/с Эл аралык күрөш федерациясына жана 100Мбит ЖМКлардын керектөөсүнө берилди. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында Чолпон-ата шаарындагы ат майданында WI-FI коюлат.