13.08.2018 12:50

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда автоунаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилет

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда автоунаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилет

III-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда автоунаалардын жол каттамдарын жөнгө салуу максатында Балыкчы-Ананьево-Каракол автожолунда, сентябрдын 2-8-күндөрү милициянын убактылуу атайын 9 өтмө блок-посттору күнү-түнү иштейт. Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Көрсөтүлгөн мезгилде аталган жолдо автоунаалардын тыгынын болтурбоо үчүн оор жана жүк ташуучу, жүргүнчү ташуучу, айыл-чарба техникаларына, ошондой эле коркунучтуу заттарды ташуучу автоунааларга жүрүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Көчмөндөр оюндарынын негизги бөлүгү өтө турчу Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан ат майданынын жанында узундугу 3,700 километрди түзгөн айланма жол ишке киргизилет. Айланма жолго бурулуш Балыкчы-Ананьево-Каракол автожолунун 81,3 км (Чолпон-Ата шаарынын «Газпром нефть» май куюучу бекети) жана 83,5 км (Бактуу-Долоноту айылынын мечити) орнотулат.

III-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын айрым оюндары Кырчын жайлоосунда өтөрүнө байланыштуу автоунаалардын каттамы, узундугу 34 километрди түзгөн айланма жол аркылуу бир тараптуу болмокчу. Автоунаалар Семеновка айылынан Кырчын жайлоосуна баруучу автожолуна бет алып, кайрадан Григорьевка айылы аркылуу негизги автожолуна чыгууга мүмкүнчүлүк алат.

Жогоруда көрсөтүлгөн автожолдордун багытында киргизилген өзгөртүүлөрдөгү аймактарда милициянын убактылуу  атайын өтмө блок-посттору иштеп, айдоочуларга багыттарды көрсөтүшүп турушат.

Сентябрдын 2синен 8ине чейин оор жана жүк ташуучу автоунааларына, айыл-чарба техникаларына убактылуу чектөө киргизилерине байланыштуу Кырчын жайлоосуна тиешелүү жүктөрдү көргөзүлгөн мөөнөткө чейин жеткирип алуу, ошондой эле, айдоочуларга өздөрүнүн ыӊгайлуулугу үчүн Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолу менен жүрүү сунушталат.