09.08.2018 17:54

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 53 өлкөдөн спортчулар катышат

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына  53 өлкөдөн спортчулар катышат

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 53 өлкөдөн 1 миң 946 спортчулардын катышуусу күтүлүүдө. Бул туурасында ДКО катчылыгынан билдиришти. 

Спортчулардын билдирүүсү автоматташтырылган электрондук аккредитация системасы аркылуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин дарегине келип түштү. Спорттук делегациялардын аккредитация системасынан өтүү 2018-жылдын 31-июлунда аяктады.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга билдирме берген көп спортчулардын саны Кыргызстанга таандык. Өлкөнүн спорттук курамы 458 кишиден турат. Спорттук курмаы боюнча 2 орунда Орусия Федерациясы - 235 адам, Казахстан – 195, Өзбекстан – 108, Пакистан – 91, Иран – 92, Түркмөнстан – 65, Индия – 64, Афганистан – 62, АКШ – 58, Тажикстан – 55, Украина – 46, Кытай – 37, Шри-Ланка – 34, Монголия – 21, Франция – 19, Польша – 23. Беларусь жана Болгариядан 17ден спортчу. . Калган өлкөлөрдүн спортчуларынын саны 16 га чейин.

Спортчулар спорттун 37 түрү боюнча таймашат. Жалпысынан 594 медаль (174 алтын, 173 күмүш жана 247 коло) ойнотулат. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байге фонду 26 млн сомдон ашуун. Оюндар 2018-жылдын 2 – 8-сентябрында өтөт.