15.03.2018 14:59

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Ысык-Көл облусунун тартип сакчылары англис тилин үйрөнүшүүдө

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына  карата Ысык-Көл облусунун тартип сакчылары англис тилин үйрөнүшүүдө

Бул жылы Ысык-Көл облусунда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтөт. Буга байланыштуу, облустук ИИБ жетекчилигинин буйругу менен облустук милициянын өздүк курамы англис тилин үйрөнүп баштады.

Оюн учурунда өздүк курамга чоң жоопкерчилик жүктөлөт. Алар коноктордун коопсуздугун жана объектилердин сакталышын камсыздашы керек, ошондой эле укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуусу зарыл. Тартип сакчыларынын англис тилин билүүсү чет элдик коноктордун кайрылууларына ыкчам чара көрүүгө мүмкүнчүлүк берип, милициянын беделин көтөрөт. 

Тил үйрөтүүнү К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин  мыкты педагогдору колго алышты. Курсту бүткөн соң,тартип сакчылары тест тапшырышат. Ага чейин өзүн тааныштырганды, чет тилде түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндү үйрөнүп калуулары максатталат.