08.08.2018 15:55

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына карата жол көрсөтүүчү программа иштелип чыкты

  III ДКО (1 материал)
III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына карата жол көрсөтүүчү программа иштелип чыкты

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары быйыл 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Оюндарга 80 мамлекеттен 3000 ден ашык спортчу катышат. Ал эми ири маданий жана спорттук иш-чараны көрүү үчүн келе турчу чет өлкөлүк жана жергиликтүү меймандар үчүн 2GIS жол көрсөтүүчү атайын программа иштеп чыкты.

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүү катчылыгынын маалыматына ылайык, жол көрсөтүүчү тиркемеде бардык негизги маалыматтар камтылган. Катышуучулар маданий, спорттук иш-чаралар өтүп жаткан жерлер, спорттук аянтчалар тууралуу маалыматтарды ала алат.

«Биз беттештер өтө турчу аянтчалар, концерттик сахналардын дарегин көрсөтүүчү атайын гидди иштеп чыктык. Мисалы: бүркүтчү-мүнүшкөрлөрдүн, жаачылардын мелдештеринен тарта, ат чабыш өтүп жаткан ат майдан, балбандар күрөшүп жаткан аянтчаларга чейин толук маалыматтар камтылган», – дейт оюндарды өткөрүү катчылыгы.

Каалаган адам өзүнүн жеке автоунаасында, ошондой эле коомдук транспорт менен дагы оюндар өтүүчү жайга чейин маршрутту багыттап алса болот. Навигаторго коюлган маршрут интернет тартпаган жерде да иштеп, көздөгөн жерге жеткирет. Бул мобилдик тиркемеде багыттагычты капталындагы менюдан табууга болот. Ал эми колдонуучулар 2GIS сайтынан “Көчмөндөр оюндары” деп издеп таба алат. Чет өлкөлүк туристтердин ыңгайлуулугу үчүн багыттагычта оюндар өтүп жаткан аймактагы кафе же тамактануучу жайлар, мейманканалар, Ысык-Көлдүн аймагындагы туристтик жайлар жана Бишкек шаарындагы кооз жерлер дагы белгиленген.