24.08.2018 12:23

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 500дөн ашуун ыктярчы иш алып барат, отузу - чет өлкөлүктөр

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 500дөн ашуун ыктярчы иш алып барат,  отузу - чет өлкөлүктөр

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 500дөн ашуун ыктярчы иш алып барат. Бул туурасында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча Катчылыктан билдиришти. 

Маалыматта, ыктярчыларды тандоо үч этапта болгону айтылат. Кыргызстандын 24 жогорку окуу жайларынан катталган 3400 ыктярчыдан 500дөн ашуун  ыктярчы тандалып алынды. Алардын ичинен дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн 30 эл аралык ыктярчылар, ошондой эле Кыргызстандын бардык региондорунан 80 өкүл.

Бүгүнкү күндө ыктярчылар ДКОнун салтанаттуу ачылыш жана жабылыш аземдери, спорттук, маданий иш-чаралар, массалык маалымат каражаттары менен иштөө өңдүү тогуз топко бөлүнгөн.

Ыктярчылар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары алкагында өтүүчү иш-чаралардын шарттары менен тааныштырылган, бул алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, протокол жүргүзүү, коопсуздук сыяктуу.