03.09.2018 09:00

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи болду

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи болду

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда кечээ, 2-сентябрда  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи болду.

Оюндар учурунда өтө турган боло турган спорттук мелдештерге катышуу үчүн  79 өлкөдөн 2 миңден ашуун спортчу келди.

Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышына Фуджейранын ханзаадасы шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммеда Аль Шарки, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышты. 

Ошондой эле ачылыш аземге Кыргызстандын  белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылган.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин Ысык-Көл жергесинде өтөт.