05.07.2018 09:00

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна «Манас» аэропортунун даярдыгы текшерилди

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна «Манас» аэропортунун даярдыгы текшерилди

Вице-премьер-министрлер Жеңиш Разаков жана Алтынай Өмүрбекова III ДКО алдында «Манас» аэропортунун даярдыгын көзөмөлдөштү. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан өлкөгө келген коноктор үчүн шарттарды түзүү жана аны жакшыртуу боюнча жыйынтык чаралар кабыл алынышы зарыл.

«III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жалпы мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара болуп саналат, анда жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерден жогорку даражалуу жактардын жана расмий делегациялардын катышуусу пландаштырылууда. Буга байланыштуу бардык уюштуруу маселеси жогорку деңгээлде чечилиши тийиш», - деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Анын айтымында, коомчулукта «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторундагы чек ара жана бажы кызматтарынын ишине карата нааразычылыктар орун алууда, анын себеби катары, көбүнесе, ведомстволор аралык өз-ара аракеттешүүнүн жетишсиздиги жана кызматкерлер тараптан көрсөтүлгөн тейлөө сапатынын төмөндүгү саналат.

 «Аэропорттордо бардык кызматтар жана ведомстволор жүргүнчүлөрдүн кызыкчылыгы үчүн ырааттуу иш алып барышы кажет. Жарандар көбүнчө паспорттук көзөмөлдөн өтүүдө узакка кезекке турушат. Мындай болбошу керек. Бул жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздыкты жаратып, меймандардын алдында өлкөнүн аброюн төмөндөтөт. Ар бир каттамдын жүргүнчүлөрү тийиштүү процедуралардан ыкчам өткөрүлүүсү керек. Ири эл аралык иш-чаралардын учурунда гана мындай болбостон, ар дайым ушундай көрүнүш орун алуусу тийиш», - деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, «Манас» эл аралык аэропортунун жетекчилиги аэропортто иштеген кызматтардын иш-аракетин координациялоону күчтөндүрүүсү тийиш.

Мындан тышкары, ал жүргүнчүлөргө сыпаа мамиле кылуунун жана кызматкерлердин англис тилин билүүсү боюнча жөндөмүн жогорулатуунун зарылдыгына токтолду. Кеңешменин жүрүшүндө тийиштүү мамлекеттик орган жетекчилери III ДКО даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо жана чет элдик коноктор үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча өз багыттары боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу маалымат беришти.

Андан соң вице-премьер-министрлер келүү, кетүү залдарын, жүк бөлүмүн кыдырып чыгып, «E-gates» (электрондук дарбаза) автоматташтырылган чек ара көзөмөл тутумунун иштөөсүн, ошондой эле «Манас» эл аралык аэропортунун чек ара жана бажы кызматтарынын ишин көзөмөлдөдү.

Жыйынтыгында Мамлекеттик чек ара кызматына ыкчам тартипте «Манас» аэропортундагы өздүк курамдын штаттык санын жогорулатуу боюнча сунуш киргизүү тапшырылды.

Тийиштүү мамлекеттик органдарга жарандардын учуп келүү, чыгуусуна жана жарандарды каттоого алууга тийиштүү маселелерди үзгүлтүксүз түрдө өзгөчө көзөмөлдө кармоо тапшырылды.

Мындан тышкары, техникалык жабдууну жакшыртуу, каттоого алуучу кабиналардын санын жогорулатуу жана аэропорттун аймагындагы башаламан таксилердин ишин иретке келтирүү маселесин чечүү тапшырылды.