31.01.2020 16:24
ИИМ иштей албаган кызматкерлерин жумуштан айдады
ИИМ жыл жыйынтыгын чыгарган коллегияда 5 кызматкерди иштен алды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, берилген тапшырмаларды жогорку деңгээлде аткарбагандыгы, алдын алуу иштерин уюштура албагандыктары үчүн:
- ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын башчысы М.Бопушев,
- Түп РИИБнын башчысы Д.Исаков;
- Жети-Өгүз РИИБнын башчысы Т.Исаев;
- Чүй РИИБнын башчысы Ч.Шаршеналиев;
- ИИМдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Талас облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы У.Самудинов кызматтан бошотулду.
Ошондой эле коллегиянын чечими менен коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү негизги багыттарда кемчиликтерди кетиргендиктери үчүн, 30дан ашуун жетекчилерге эскертүүлөр жана тартип жазалары берилди.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: