26.09.2018 10:02

ИИМ Кызыл-Кыя шаарында адам өмүрүн алган жол кырсыгы, анын тергелиши тууралуу түшүндүрмө берди

ИИМ Кызыл-Кыя шаарында адам өмүрүн алган жол кырсыгы, анын тергелиши тууралуу түшүндүрмө берди

Ички иштер министрлиги Кызыл-Кыя шаарында адам өмүрүн алган жол кырсыгы, анын тергелиши тууралуу түшүндүрмө берди. 

Министрликтин билдиришинче, 2018-жылдын 25-августунан 26- августуна караган түнү Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынын Кыпчаков көчөсү менен М.Сартбаева көчөсүнүн кесилишинде жолчырактын астында белгисиз автоунаа Ош облусунун Араван районунун Найман айылынын тургуну 1977-жылы туулган Н. Маманазаровду койдуруп, андан соң окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Натыйжада 41 жаштагы Н.Маманазаров денесинен алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

«Бул факт боюнча 281-берене менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө окуя болгон жерде жайгашкан дүкөндөгү видеобайкоодогу тасмалар алынып каралган. Мындан сырткары Кызыл-Кыя шаарынан Баткен районуна чейинки аралыкта коюлган видеобайкоодогу бардык тасмалар алынып кароо жүргүзүлүп, ошонун жыйынтыгында Баткен районунун тургуну 20 жаштагы Саитраим уулу Кимсанбайга таандык болгон мамлекеттик 01KG 028 АВТ номерлүү «Тойота-Камри»  үлгүсүндөгү автоунаасы аныкталып кармалган», -деп билдирет министрлик.

Калыстардын катышуусунда кармалган автоунаага кароо жүргүзүлгөндө, алдыңкы крылосу менен бамперинин астынан кызыл түстөгү канга окшош тактар алынып, окуя болгон жерден алынган канга окшош кандын тактары, автоунаадан алынган тактар жана маркумдан алынган кан менен биргеликте соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган.

«Экспертизанын корутундусунда маркумдун каны болушу мүмкүн экендиги аныкталган. Ошондой эле соттук медициналык экспертизанын корутундусунда 41жаштагы Н. Маманазаров авто жол кырсыгынан баш сөөгүнөн алган жараатынан улам каза болгондугу аныкталган. Ал эми Саитраим уулу Кимсанбай 2018- жылдын 13-сентябрында шектүү катары кармалып, ага айыбы угузулуп, Кызыл Кыя шаардык сотунун чечими менен 27-октябрга чейин Кызыл Кыя ШИИБнын убактылуу кармоо жайына киргизилген».

Жол кырсыгына шектүү «Камри» автоунаасын калыстардын катышуусунда таануу процесси жүргүзүлүп, окуянын кырдаалын жана жагдайларын кайрадан карап чыгып, тиешелүү протоколдор түзүлгөн соң, автоунаа атайын жайга токтотулган.  Жол кырсыгына күбө болгон Кызыл-Кыя шаарынын 2 тургуну тергөөгө өз көрсөтмөлөрүн беришкен. Бүгүнкү күндө жогорудагы кылмышты ар тараптуу, обьективдүү тергөө үчүн дагы кошумча экспертизалар дайындалып, толук кандуу тергөө амалдары жүрүп жатат.

ИИМдин маалыматына караганда, бүгүн, 26-сентябрда эртең менен жол кырсыгына күнөөлүү деп камакка алынган Саитраим уулу Кимсанбайдын Бишкекке акыйкат издеп жөө аттандым деген атасы Сайтраим Абдилатовду туугандары үйүнө алып келишкен жана азыркы учурда алар Ош областынын Араван районунун тургуну 1977-жылы туулган, жол кырсыгынын кесепетинен каза болуп калган Н. Маманазаровдун туугандары менен телефон аркылуу байланышып, жол кырсыгына биздин уул себепкер болду деп, күнөөлөрүн мойнуна алышып, кечирим суроо максатын көздөшүп Баткен районунан Кызыл Кыя шаарына келишип мейманканада түнөшкөн. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы окуянын андан аркы өнүгүшү тууралуу да кошумча маалымат билдирет.