16.07.2018 16:14

ИИМ жетекчисине Бурулайдын атасы менен жолугуп, экспертизанын корутундусун талдап чыгуу тапшырылды

  Бурулайдын өлүмү (2 материала)
ИИМ жетекчисине Бурулайдын атасы менен жолугуп, экспертизанын корутундусун талдап чыгуу тапшырылды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевге Бурулайдын атасы менен жолугууну тапшырды. Бул туурасында өкмөт башчынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, өкмөт башчы министрге Бурулайдын атасы Турдалы Кожоналиевге жолугуп, анын жүйөөлөрүн угуп, соттук-медициналык экспертизанын корутундусун ийне-жибине чейин карап чыгууну тапшырды.

«Премьер 19 жаштагы Бурулайдын өлүмү боюнча кылмыш иши анын жеке көзөмөлүндө турганын билдирип, бул ишти аягына чыгарууну убадалады. Күнөөлүүлөр КР мыйзамдарына ылайык, өз жазаларын алат», - деп айтылат билдирүүдө. 

Эскерте кетсек, Бурулайдын атасы буга чейин соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна нааразычылыгын билдирип, «Апрель» телеканалынын эфиринен өлкө президенти Сооронбай Жээнбековго, премьер-министрге, башкы прокуратурага  кайрылуу жасаган эле.