12.09.2018 09:00

ИИМ жетекчисинин орун басары Камчы Көлбаев менен жолукканын төгүндөдү

ИИМ жетекчисинин орун басары Камчы Көлбаев менен жолукканын төгүндөдү

ИИМдин маалымат кызматы генерал-майор Данияр Абдыкаровдун Камчы Көлбаев тууралуу билдирүүсүн таратты. Анда Ички иштер министринин орун басары Көлбаев менен жолукканын төгүндөгөнү жазылган. 

«2018-жылдын 11-сентябрында «Фабула» газетасында жарык көргөн жана интернет сайттарга жарыяланган мени «Камчы Көлбаев менен жолуккан» деген материал чындыкка жатпайт. Аталган макала жана коллаж менин кадыр-баркыма жана мен иштеген системага атайылап көө жапкандык деп эсептеймин. Мен эч кандай шартта макалада айтылган жаран менен жолуккан эмесмин жана ошондой эле аталган маалымат жана коллаж боюнча өз укугумду мыйзамдуу талаада коргой тургандыгымды ачык билдиремин», - дейт милициянын генерал-майору Данияр Абдыкаров.

Эске сала кетсек, «Фабула» газетасы жаңы чыккан санында:  «Өткөн аптада маалымат каражаттарында «кайсы генерал крим төбөл Камчы Көлбаевдин алдында тизе бүктү?» деген маалымат таркап, коомчулук ызы-чуу түшүп эле жатып калган. Кайсы генерал экени бизге да табышмак болду. Изилдөөлөрдүн, иликтөөлөрдүн натыйжасында «караларга» тизе  бүккөн генерал кадимки Камчыбек Жолдошбаев айтмакчы «ит атар» Данияр Абдыкаров экени белгилүү болду.  Окуя үстүбүздөгү жылдын 4-августунда болуптур.  Камчысын мойнуна илип Камчынын астынан өткөнүнө караганда, катуу «косяк»  кылса керек. Өздүк булагыбыздын маалыматына таянсак, ошол жерден генералды сүрөткө да тартып алышыптыр. Бул жоругу менен Абдыкаров милиция кызматкерлеринин намысына доо кетирип, беделин түшүрдү. Анан ушундай жосунсуз кылыгы менен «УКМКга кирет элем», деп чуркап жүргөнүнө баш чайкагандан башка аргаң калбайт»,- деп жазып чыккан.