10.09.2018 13:18

ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү: Москвадагы автокырсык боюнча кылмыш иши козголду

ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү: Москвадагы автокырсык боюнча кылмыш иши козголду

Россиянын «Марьино» метросунун жанында жүз берген автокырсык боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КР ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, 9-сентябрда москва убактысы боюнча саат 8:50дө ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө  чалуу түшкөн. Анда «Марьино» метросунун аймагындагы «Аура» түнкү клубу тушта Кыргызстандын жарандарын унаа коюп кетип, 10 адам жабыркаганы  кабарланган. 

ИИМ өкүлдөрү Консулдук бөлүмдүн кызматкерлери менен окуя болгон жерге барышкан. Кырсык болгон жерден Россия жараны, 1997-жылкы Сарбишев Бекжан кармалган. Ал болжол менен таңкы  6:00да  «Фольсваген Поло»  унаасында атайылап, кыргызстандык  жарандарды коюп кеткен. Анын жыйынтыгында, 10 адамга ар кандай оордуктагы жаракаттарды келтирген. Жабыркагандар Москва шаарынын медициналык мекемелерине жеткирилген. Андан сырткары, 21 жаштагы Амантур Абдисамат уулу алынган жаракаттардан  №68 Москва шаардык клиникалык ооруканада каза тапкан. 
.
Ошол эле күнү Москва шаарынын Түштүк-Чыгыш административдик округунун тергөө башкармалыгы тарабынан РФнын Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү», «Эки же андан көп адамга жалпыга коптуу ыкма менен өлтүрүү максатында кол салуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Эскерте кетсек, 9-сентябрдын таңында Россиянын Москва шаарында жүз берген кырсыкта кыргызстандык 10 адам жабыркап, 1 адам каза тапкан. Анда Бекжан Сарбишев аттуу учурда Россия жарандагын алган кыргыз жигит өз унаасында адамдар тобун сүзгөн.

Алдын-ала маалымат боюнча, Сарбишев жакындары менен түнкү клубда 18 жашка чыккан карындашынын туулган күнүн белгилеп  отурушкан. Чоочун жигиттер келип, карындашына жана анын курбусуна тийишип баштаганда, жигит менен бейтааныш балдардын ортосунда чатак чыгып кеткен. Түнкү клубдан чыккандан кийин «кек сактап калган» Бекжан Сарбишев унаасына түшүп, тийишкен балдарды коюп кеткен. Тергөө кырсык учурунда шектүү соо абалында болгонун ырастады.  

Жабыркаган адамдардын арасында бир жашы жете элек бала бар. Дагы эки жарандын өздүгү такталууда. Учурда эки өлкөнүн укук коргоо органдары кырсыктын келип чыгуу себептерин иликтеп жатышат.