09.08.2019 13:48
ИИМге Мээрбек Мискенбаев жана Равшан Жээнбеков чакырылды
ИИМ тергөөчүлөрүнө Мээрбек Мискенбаев жана Равшан Жээнбековдун кайда жүргөнүн аныктап, аларды суракка алып келүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу депутат Ирина Карамушкинаны ИИМге күч менен алып келүү маалында белгилүү болду.
Депутат айымды атайын багыттагы аскер кызматкерлери 7-8-августта Кой-Таш айылында жоокерлерди барымтага алуу иши боюнча көрсөтмө алуу үчүн алып кетишти.
Эске салсак, ИИМдин тергөө башкармалыгында бул иш боюнча учурда күбө катары КСДП партиясынын төрайымы Асель Кодуранова жана анын орун басары Кундуз Жолдубаева көрсөтмө берип жатышат.
Аны менен бирге КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов кармалды. Анын баш коргоо чарасы азырынча аныктала элек.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: