20.10.2018 10:34

Икрамжан Илмиянов Бишкекке алынып келди

  Икрамжан Илмияновго-иш (2 материала)
Икрамжан Илмиянов Бишкекке алынып келди

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов кармалды. Бул тууралуу журналисттерге УКМКдан тастыкташты.

Айрым маалыматтар боюнча, ал Казанда (Татарстан) кармалып, Москва аркылуу кечээ, 19-октябрда Бишкекке алынып келинген. 

Буга чейин, 18-октябрда  Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Икрамжан Илмияновду  сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. Андан сырткары, Илмиянов тергөө органдарына жеткирилген күндөн тарта 48 сааттын ичинде сотко алынып келинип, аны кармоонун мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү текшерилери айтылган. 

УКМК Илмиянов кайсы кылмыш иши боюнча шектелип жатканын расмий билдире элек, бирок, айрым ЖМКлар ал пара алууга шектелип жатканын жазып чыгышкан.