22.06.2018 16:24

Илим департаменти уурдалган илимий эмгектер үчүн мамлекеттен каржылоо алып жүргөнү аныкталды

Илим департаменти уурдалган илимий эмгектер үчүн мамлекеттен каржылоо алып жүргөнү аныкталды

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Илим департаментинин айрым кызматтык адамдарына карата кылмыш  иши козголду. Бул туурасында КР Башкы прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматта, текшерүү учурунда 2015-жылдан 2018-жылдын май айына чейин аталган департаменттин М.А. жана Д.А. аттуу жооптуу адамдары тиешелүү экспертизаларды өткөрбөстөн, мыйзам талаптарын бузуп, илимий-изилдөөчү иштерди бекитип, кийин алар өлкө бюджетинен каржыланганы аныкталганы жазылат. Жогорку кызматтагы адамдарды бул илимий эмгектерге мамлекеттик серепчилердин терс баа бергени да токтоткон эмес. 

Мындан улам, башкы прокуратура тарабынан аталган министрликтин Илим департаментинин кызматтык адамдарына карата 304-берене (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 308-берене (бюджет каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу) менен кылмыш иши козголду. 

2017-жылы тиешелүү экспертизаларды өткөрбөй туруп Департамент жетекчилиги казынадан каржылануучу иштердин тизмесине 13 илимий-изилдөөчү ишти мыйзамсыз кошкон, булар үчүн кийин мамлекеттен 5 млн сом бөлүнгөн.

Көрсөтүлгөн иштердин айрым бөлүктөрү чала бүткөнү жана уурдалган иштердин катарына кирери айтылат.

Жогорку аттестациялык комиссиянын корутундусуна караганда, 30дан ашуун илимий отчеттордо бирөөнүн эмгегинен уурдалган көрүнүштөр бекитилген чектен чыгып кеткен. Аларды мамлекеттен каржылоого 18,5 млн. сом кеткен. 

Ошондой эле, илимий-изилдөө жаатында эч жыйынтык болбогон күндө деле жылдан-жылга акча каражаты бөлүнүп турганы аныкталды. Жалпысынан көрсөтүлгөн долбоорлорго  3 жылдын ичинде 17,5 млн сом бөлүнгөн.  

Андан сырткары, департаменттин кызматтык адамдары өткөргөн конкурс жана тандоо иштерине аталган департаменттин кызматкерлери өздөрү жана алардын жакын туугандары катышкан учурлар да  болгону аныкталды. 

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ошондой эле өкмөт дарегине  мыйзам бузууларды жоюу жана Билим берүү министрлигинин Илим департаментинин жетекчисинин кызматына туура келбей турганын карап чыгуу тууралуу сунуштама жөнөтүлдү