05.03.2018 09:50

Илимий даража үчүн төлөнчү үстөктүн өлчөмү жогорулатылды

  Коом (6 материалов)
Илимий даража үчүн төлөнчү  үстөктүн өлчөмү жогорулатылды

Мындан ары илимдин кандидаты ай сайын  илимий  даражасы үчүн 900 сом, ал эми илимдин доктору 1800 сом алып турат.  Бул туурасындагы токтомго,  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков  кол койду. 

Ага ылайык, негизги иштеген жери боюнча илимий, педагогикалык кызматкерлердин, профессордук-окутуучулук курамдын, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысына иштелген убактысына карабастан ай сайын төлөнүүчү үстөктүн суммасы  жогорулатылды.  

Аталган чечим «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасын ишке ашыруу алкагында, ошондой эле илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, анын аброюн жогорулатуу жана илимий жана педагогикалык кадрларды колдоого алуу максатында кабыл алынган.

Буга чейин  илим кандидаты илимий даражасы үчүн ай сайын  300 сом, ал эми илим доктору илимий даражасы үчүн 600 сом алчу.