28.08.2018 14:44

Интерполдун тизмесинде Аскарбек Шадиев жок. Ага эч ким издөө салган эмес

Интерполдун тизмесинде Аскарбек Шадиев жок. Ага эч ким издөө салган эмес

Бүгүнкү күнгө карата Интерпол аркылуу 24 кыргыз жаранына эл аралык издөө жарыяланган. Уюмдун маалыматына караганда, алардын көпчүлүгү террористтик ишмердүүлүгү, ошондой эле зордук-зомбулук, уурдоо фактылары боюнча издөөгө алынгандар, деп жазат «Вечерний Бишкек».  

Болжолдуу кылмышкерлерди издөөгө Кыргызстан гана эмес, Россия да сурам жөнөткөн. Бардык 24 кыргызстандык тең Интерполдун «кызыл билдирүүсү» менен белгиленип коюлган, башкача айтканда, аларды камакка алуу үчүн эл аралык ордер берилбейт. 

Бул, уюмга мүчө-мамлекеттер суроо жөнөткөн мамлекеттин издөө салынгандарды камакка алуу же экстрадициялоо тууралуу өтүнүчүн аткарууга милдеттүү эмес дегенди билдирет. Бирок, алардын мамлекеттик чек арадан өткөнү тууралуу маалымдоосу каралган. 

Кызыгы, Интерпол издөөгө алгандардын арасында кайсы бир кылмышы үчүн качып кеткен бир дагы саясатчы көрүнбөйт. Ошондой эле, басылма алардын арасында мурунку энергетика министри Аскарбек Шадиев да жок экенин баса белгилейт.

«Буга чейин VB.KG жиберген суроого КР Башкы прокуратурасы Шадиевдин иши боюнча чогулган материалдар июлдун аягында Интерполдун Францияда жайгашкан штаб-квартирасына жөнөтүлгөнүн кабарлаган. Эмне бир айдан бери ал материалдар кароо стадиясында турабы?», -деп суроо салат басылма.

Аскарбек Шадиевге «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» беренелери менен кылмыш иши козголуп, «Кылмыштуу жол менен табылган кирешени мыйзамдаштырып алуу» беренеси боюнча кылмыш иш териштирилүүдө. 

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Жогорку Кеңештин айып тагылып жаткан депутаты эр аралык издөөгө алынган. Жана айрым маалыматтар боюнча, азыр Шадиев - АКШда.