02.11.2019 10:33

Инвесторлор уран казууга тыюу салганы үчүн кыргыз өкмөтү менен соттошот

Инвесторлор уран казууга тыюу салганы үчүн кыргыз өкмөтү менен соттошот

Кызыл-Омполдо уран иштетүүнү баштап алган инвесторлор КР өкмөтүн сотко берүү ниетинде. Бул туурасында Кара-Балта тоо-кен комбинатынын акционерлеринин өкүлү Андрей Акимов Akchabar.kg порталына билдирди. 

Анын айтымына караганда, комбинаттын жана «ЮрАзия в Кыргызстане» компаниясынын жетекчилиги парламент уран казууга тыюу салбайт деп ишенишкен. Анын үстүнө инвесторлор жүргүзүлүп жаткан иштер, колдонулуучу технологиялар тууралуу толук маалымат беришип, иш алып барууда экологиялык коопсуздук сакталаарын тастыкташкан. 

«Депутаттарды инвесторлордун көйгөйлөрү такыр кызыктырбайт көрүнөт. Мындай чечими менен алар өздөрү бизди соттошууга мажбур кылып жатышат. Биздин алдын ала эсептерибиз боюнча, колдон чыгарган пайдабыз 100 миллион доллардан ашат. Биз азыр соттук териштирүүлөргө даярданып жатабыз жана жеңип чыгаарыбызга ишенебиз», — дейт Акимов.

Эскерте кетсек, 31-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору кабыл алынган. Ага ылайык, мындан ары уран, торий аралашкан кендерди изилдөө, чалгындоо, иштетүүдөн сырткары сырттан алып кирүүгө дагы тыюу салынат. Ошондой эле бул багытта берилген лицензиялар жокко чыгарылат.