14.05.2018 15:58

Ири өлчөмдөгү акча каражатын алып, из жашырган аял кармалды

Ири өлчөмдөгү акча каражатын алып, из жашырган  аял кармалды

Октябрь РИИБ кызматкерлери ири алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Бул туурасында Бишкек шаарынын ИИББнан билдиришти.

24-апрелде милицияга алдамчылык фактысы боюнча арыз түшкөн.  Жабырлануучу өз арызында 2015-жылы Н. аттуу аял андан Чүй облусунун аймагынан жер тилкесин алып берем деп, 45 миң доллар алганын айтат.  Кийин ал аял из жашырып кеткен.  

Аталган факт боюнча КР КК 166-беренеси менен (“Алдамчылык”) кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөөнүн жүрүшүндө 1971-жылкы Т.Н.аттуу шектүү кармалды.   

Сот ага баш коргоо чара катары 2 ай камакта кармоо чечимин чыгарды. Тергөө жүрүүдө.

Сүрөттөгү аялдан жабыркаган жарандар болсо, төмөнкү телефон номерлери боюнча кайрылса болот: 0(557)  102-977, 0(550) 102-349, 0(552) 102-945.