19.09.2019 11:27

Ирина Карамушкина Абдрахмановго: КСДПнын мөөрү Кыргызстанда эмес

Ирина Карамушкина Абдрахмановго: КСДПнын мөөрү Кыргызстанда эмес

Жогорку Кеңеш депутаты, КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Ирина Карамушкина Асылбек Жээнбеков менен Сагынбек Абдрахманов партияны рейдерлик жол менен тартып алууну улантып жатканын билдирди. Бул туурасында эл өкүлү Фейсбуктагы социалдык баракчасында жазды. 

«Эмне үчүн Аскер прокуратурасы биздин чыныгы партиялаштардын катышуусусуз, биздин юрист, же басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева жокто бетпактык менен партиянын бүт документтерин чыгарып кетти? Муну бетпактык, уятсыздык менен, бардык нормативдик процедураларга түкүрүп гана жасашты!  

Мындай жол менен алар мөөрдү жана документтерди алып койгулары келген. Митаамдар! Аларга бул партия деле керек эмес, өзүнө окшогон амёбалар бербесе,  бир да акыл-эстүү адам Абдрахманов-Жээнбековдор үчүн добуш бербейт, алар КСДПны «тарыхтын таштанды жайына» ыргыткылары бар. Акылсыздар!  

Социал-демократиялык кыймыл - бул дүйнөлүк бренд жана биздин партия, бул Атамбаев менен бирге эбак эле Социнтернге киргендер, жана жетекчилик бүгүн бийлик партияны кандай абалга кептеп атканын билет.

Бул Абдрахманов деген неме ушундай фамилияны булгады! Атамбаевден, өздөрү «чыккан» партиядан өч алыш үчүн бул жолго баргандардын жетегине түшүп кетти. Элден чогулган акчаны кымырып, Чокморовдун эстелигин жаман жасап салды, эми кайра жаңы эстелик жасаш керек болду. Мындайларды жер кантип көтөрүп жүрөт? А мөөр менен  укук белгилөөчү документти таба албайсыңар, алар өлкөдө эмес... азырынча, андыктан, жаңы партия ачкыла, болбосо, даярга отуруп калганга жаман көндүңөр!», -деп жазды КСДП мүчөсү, депутат Ирина Карамушкина 

Эскерте кетсек, 12-сентябрда Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү «Медиа Форумдагы» партиянын кеңсесинен компьютерлер менен документтерди ташып кетип жатканы белгилүү болгон.

Ал эми бүгүн КСДП партиясын Атамбаевден талашып келаткан Сагынбек Абдрахманов 24.kg агенттигине «Медиа Форумдагы» партиянын кеңсесин тинтүүдө мөөр менен каттоочу документтер табылбай койгонун билдирген.