05.03.2020 12:07

Ирина Карамушкина: УКМКнын “Альфа” бөлүгүнүн кызматкерлери Кой-Таш окуясы боюнча көрсөтмөсүн жалган ат менен берүүдө

Ирина Карамушкина: УКМКнын “Альфа” бөлүгүнүн кызматкерлери Кой-Таш окуясы боюнча көрсөтмөсүн жалган ат менен берүүдө

Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Ирина Карамушкина Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин “Альфа” бөлүгүнүн кызматкерлери Кой-Таш окуясы боюнча көрсөтмөсүн башка ат менен берүүдө деп билдирди. 

Депутат бул сот жараяны ачык өтүшү керектигин, антпесе коомдо бийликке карата ишеним жоголорун белгиледи:

"Альфанын” күбө катары өтүп жаткан кызматкерлеринин баары башка ат менен жазылган. Эгер чындык азыркы бийлик тарапта болсо ачык териштирүүгө биринчи кезекте ал өзү кызыкдар болмок. Соттун жабык өтүшү коомду ого бетер бөлүп-жарып, бийликке болгон ишенимдин жоктугун күчөтөт", - деп эсептейт Ирина Карамушкина. 

Карамушкина Кой-Таш окуясы боюнча териштирүүдө өлкөнүн кызыкчылыгына доо келтире турган “эч кандай сыр жоктугун”, “ашкере боло турган жалгыз нерсе – күч түзүмдөрүнүн компетенциясынын жоктугу жана коррупциялашканы” экендигин кошумчалады.

2019-жылдын август айында УКМК жана ИИМ мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөндө “Альфанын” бир офицери каза таап, 200дөн ашуун адам жараат алган. Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишти тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын 14үнүн иши сотко өткөн. Калган беш адам тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн алардын иши өзүнчө тергелүүдө.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бул күндөрү баштапкы соттук отурум уланууда. Териштирүү ачык өтөбү же жабык болобу, азырынча белгисиз.

Прокурорлор сот ачык өтүшүн колдой турганын билдирди.