01.11.2018 13:31

Иса Өмүркулов: Фракция лидерлигинен өз ыктыярым менен кетпейм

Иса Өмүркулов: Фракция лидерлигинен өз ыктыярым менен кетпейм

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мурунку башчысы Иса Өмүркулов өзүнүн Кыргызстан социал-демократтар партиясынан чыгарылганы боюнча чечимди легитимсиз деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн,1-ноябрда Иса Өмүркулов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, партиянын саясий кеңеши Өмүркуловду отурумга чакырбай туруп мүчөлүктөн чыгаруу чечимин кабыл алган.

«Мени чыккынчы деп жатышат, мен чыккынчы эмесмин. Мени партиядан чыгаруу боюнча добуш бергендердин өздөрү - чыккынчы. Партияга көчөдөн эле келе калган жокмун. 25 жылдан бери КСДПда жүрөм. Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидерлигинен өз ыктыярым менен кетпейм», -деди  депутат.  

Мындан сырткары Өмүркулов «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын өкүлдөрү менен жолукканын мойнуна алып, бирок, анда эч бир позициясын билдирбегенин айтты. Ал кыймылдын өкүлдөрүн кесиптеши Асылбек Жээнбеков жөнөткөнү боюнча маалыматты четке какты. 

Ал эми, кесиптеши жана КСДП төрагасынын орун басары Ирина Карамушкина журналисттерге берген маегинде Иса Өмүркуловдун партиядагы тагдырын чечүүдө кворум топтолгонун, андыктан, баары легитимдүү экенин билдирди.